Украиналык 8 жашар тестиер бала ата- энесинин уруп соккон кордугуна чыдабай бийиктиктен секирип кеткен. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы билдирүү тараткан.

Кырсык болгон үй- бүлөнүн астынкы кабатында жашаган кошунасы билдиргендей, 8 жашар Антонду атасы кийимин айрып алгандыгы үчүн үйүнөн катуу сабаган. Андан соң, көп өтпөй эле алар баланын жерде сулап жаткан денесин көрүшкөн. Дал ошол астыңкы кабатта жашагандар полиция жана тез жардам кызматтарын чакырышкан. Андрей аттуу дагы бир коңшусу: “ Мен үй ээлерин мас абалында тепкичтер менен өйдө үйүн көздөй чыгып бара жаткандарын көргөм. Андан 10 мүнөт өтүп -өтпөй баланын жерде кансырап жатканын көрүп калдым».

Чакырууга келген тез жардам дароо баланын саламаттыгын карап чыгып, ал башы менен катуу жерге тийгендиктен дароо жан бергенин айтышкан. Полицияга Антондун ата- энеси бала өзү секирип кеткенин айтышкан. Бирок, канча жылдан бери чогуу жашаган коңшулары бул шылтоого ишенгилери да келбейт. Азырынча полиция кызматы баланы өз өмүрүн кыйган деген тыянак менен ишти карап жатышат. Ата- энеси болсо Антон өлгөндөн бери батирине кайтып келбей жатканын кошуналары айтышат. Кошуналар Антондун өлүмүнө себепкерлер жазасын алат деген үмүттө.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: