Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев азыркы президент Сооронбай Жээнбековго баасын берип, Өмүрбек Текебаев жана Феликс Кулов тууралуу пикирин “Азия Ньюс” гезитине берген маегинде билдирди.

Акаевдин айтуусунда, учурдагы президент натыйжалуу иштеп жатат.

Сооронбай Жээнбеков өлкөнү өнүктүрүү үчүн бардык күчүн жумшап жатканын көрүп жатабыз. Алдында ар кандай чакырыктар турат, ал бардыгын татыктуу кабыл алып жана башка дагы маселелерди эскертип турушу керек. Бул жаатта биздин эл мамлекет башчыга колдоо көргөзүп, ага жардам бериши керек“,- деп эсептейт Акаев.

Ошондой эле Аскар Акаев Өмүрбек Текебаевди эң тажрыйбалуу депутат экендигин баса белгиледи.

Өмүрбек Текебаев эң тажрыйбалуу депутат деп айтсам жаңылбасам керек. Өлкө парламентинин ишине ал дайыма активдүү катышып, мыйзам чыгарууга олуттуу салымын кошо алган. Акыркы жылдары ал саясий куугунтукка да туш болду. Эми анын, ошондой эле Садыр Жапаровдун акталышына жол ачылды десек болот”,- деген оюн ачыктады.

Ал эми Феликс Кулов менен эч кандай байланышы жоктугун айтат.

Бирок, жакында эле анын «Акаев өлкөгө кайтып келиши керек» деген пикирин угуп калдым. Феликс Шаршенбаевичке бул үчүн ыраазычылык билдирем ” , – деп белгилеген Аскар Акаев. 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: