Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бишкекте ишкердин бизнесин рейдерлик жол менен тартып алууга шарт түзүүгө тиешеси бар деген шек менен милициянын эки кызматкери кармалганын кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, алар ишкердин машинесине мурдагы жубайы менен сүйлөшүп алып 32 грамм маңзат таштап коюп колго түшүргөн. Ишкерге карата куугунтук уюштурулган. Окуя быйыл февраль айында болгон.

Кармалган милиция кызматкерлери Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери экени аныкталды. Экөө тең №1 тергөө абагына камалды.

Кылмышка шектүүлөрдүн тарапкерлери же жактоочулары азырынча УКМКнын билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: