Иллюстрациялык сүрөт

Ошто 5 айлык наристени мейманкананын кире беришине таштап кетишти. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлады. Ташталган ымыркай тууралуу маалымат 15-октябрда түнкү саат 23:00дөр чамасында келип түшкөн.

Белгилүү болгондой, наристе ушул жылдын майында төрөлгөн. Апасы Өзгөн районунун 33 жаштагы тургуну, ал эми атасы 25те. Аял баланы жарандык никеден төрөгөндүгүн билдирди. Ал эми анын жарандык никедеги жолдошу баладан баш тарткан. Аны коркутуп коюу үчүн аял баласын мейманкананын кире беришине таштап койгон. Өзү 30-40 метр аралыктан байкоо салып турган. Качан гана тез жардам унаасы келгенде ал чуркап барып, наристе аныкы экенин айткан.

Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: