Москва көчөсүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу Токтогул көчөсүнүн Манас проспектисинен Ж. Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл болот. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, учурда көчөгө тиешелүү жол белгилери орнотулууда. Эки тараптуу жол кыймылына 31-октябрга чейин уруксат берилет.

Белгилей кетсек, бүгүндөн тарта Москва көчөсүнүн Манас проспектиси менен Панфилов көчөсүсүнүн ортосундагы тилкеси оңдоо иштерине жабылды.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: