Үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жол кыймылынын эрежелерин жана унаа каражаттарын пайдаланууга берүү боюнча жобону жөнгө салуучу Өкмөттүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койду.

Алсак, башка өзгөрүүлөрдөн тышкары «4-топтогу мүлк объекттерине салык төлөө» атайын чаптамасын алуу милдеттенмеси жоюлган. Ошондой эле ЖКККББ кызматкерлеринен айдоочудан салык төлөө тууралуу дүмүрчөктү талап кылуу ыйгарым укугу алынып салынды.

Бул реформа салык төлөөчүлөрдүн жашоосун кыйла жеңилдештирди. Анткени салык кызматына ашыкча баруу процедурасы жоюлууда. Бул мамлекеттик бюджеттин каражаттарын үнөмдөөгө шарт түзөт. Бул маселе Өкмөт тарабынан ишке ашырылып жаткан «Жөнгө салууну тутумдуу талдоо» долбоорунун алкагында изилденген. Мында ошондой эле ЖКККББга таандык эмес иш-милдеттерди алып салуу жана керексиз процедураларды жоюу сунушталган.

Ошондо эксперттердин эсептөөлөрү боюнча салык кызматынан атайын чаптаманы алуу процедурасын алып таштоо менен салык төлөөчүлөрдүн чыгымын үнөмдөө жылына 192 млн сом жана 953 миң саатка чейин түзөт.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: