Орусияда быйыл күчүнө кирген “фейк жаңылык” боюнча мыйзамга ылайык “Момент истины” басма үйү айыпка жыгылды деп жазат Би-Би-Си.

Москванын райондук соту басма үйүнө 200 миң, башкы редактору Евгений Гнеушевге 60 миң айып пул төлөөнү милдеттендирди. Жалган маалыматтарды ооздуктоо үчүн Орусия административдик Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизген эле. Бул берене “фейк жаңылык” боюнча мыйзам катары белгилүү болду.

“Чукул кабар! 31-августта Орусияда Майдан болот!”

Орусиялык басылмалардын жазганына караганда, соттук териштирүүгө басма үйүнүн сайтына чыгып, кеңири тарап кеткен видеороликтер негиз болгон.

Роскомнадзор доомат койгон ал роликтер: “Чукул кабар! 31-августта Орусияда Майдан болот! Карауловдун Гудков менен интервьюсу: жүз миңдеген митингчилер!” жана “Чукул кабар! Орусия ыңкылапка даярданууда. Андрей Караулов так датасын атады” деген аталыштар менен чыккан.

Андрей Караулов – орусиялык теле алып баруучу. Анын “Момент истины” көрсөтүүсү 1992-жылдардан бери телеканалдардан чыгып келген. Басма үйүнүн адвокаттары тагылган айыптарды четке кагып, мыйзам бузуу фактылары болгон эмес деп айтууда. Алар доо арыз менен шаардык сотко кайрыла турганын билдирди.

“Фейк жаңылык” боюнча мыйзам

Бул мыйзамда басылмага же интернет сайтына акчалай айып, жаап салуу сыяктуу жазалар каралаган. Мыйзамга 2019-жылы 18-мартта кол коюлган.

Жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө зыянын тийгизген, массалык башаламандыктарга алып келген, өндүрүшкө, социалдык, транспорттук инфраструктурага зыянын тийгизген, коомчулукту адаштырып, жалган жана ойдон чыгарылып жазылган маалыматты тараткан ММКлар ушул мыйзам менен жазаланат.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: