Президент Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун 2019-жылдын 11-октябрында Ашхабад шаарында жетишкен макулдашуусунун алкагында, 16-октябрда Баткен шаарында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим жолугушту. Ошондой эле, кыргыз-тажик Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жана укук иштери боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.

Жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелериндеги долбоордук сызыкты чийүүнү улантууну активдештирүү боюнча ар тараптуу пикир алмашуу жүрдү.

Туруктуу аракеттеги жумушчу топтун ишмердүүлүгү мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселелерди тез арада чечүү боюнча конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө багытталат.

Кыргызстан менен Тажикстандын делегацияларынын жетекчилери эки өлкөнүн чек ара аймактарында ишке кирген топографиялык жана укуктук маселелер боюнча туруктуу аракеттеги жумушчу топтун алкагында иш жүргүзүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды беришти.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: