Жогорку Кеңештин депутаттары бул айларда кайда барып эмне маселе чечкенин кыскача баяндайбыз. Отурумга келбей чет жерде саякаттап жүргөн депутаттарды регламентти тескеген комитет депутаттары кесиптештерине эч нерсе дей албайт. Себеби карга карганын көзүн чукубайт деген түшүнүк бар.

Айрым бир депутаттар Жогорку Кеңештин жалпы жыйналышына командировка шылтоосу менен катышкан эмес .

Мисалы, Иса Өмүркулов, Каныбек Иманалиев, Бакыт Төрөбаевдер жумушчу сапар деген шылтоо менен 9 –октябрь күнү Марокконун Марракеш шаарына барган. Ал эми бул күнү Алмазбек Акматов, Мурадыл Мадеминов, Искендер Гайпкуловдор Россиянын Санкт-Петербург шаарында болгон.

9 – 10 октябрда Максат Сабиров, Орозбек Алыбаев, Руслан Казакбаев деген эл өкүлдөрү Россиянын Санкт-Петербург шаарына командировкада болгон. 2-3 октябрда болсо Талайбек Масабиров, Алиярбек Абжалиев, Данияр Аттокуров, Абтандил Кулбараков, Абдумажит Юсуровдор Японияда болушкан.

25-сентябрда Дастанбек Жумабеков, Алмаз Жутанов, Нодирбек Каримов, Махабат Мавлянова, Урматбек Самаев Казакстанда командировкада болушкан.

25-26 сентябрь күндөрү Латвиянын Эстония шаарына барган депутаттар: Канат Керезбеков, Акылбек Жапаров, Таабалды Тиллаев. Исхак Пирматов болсо кайсы жерге барганы белгисиз бирок 18-19 сентябр күндөрү иш сапар менен жүргөн.

4-5 сентябрь күндөрү вице-спикер Мирлан Бакиров соолугун чыңдоо үчүн командировкага чыкса дагы бир вице-спикер Аида Касымалиева Германиянын Берлин шаарын кыдырган. Эскерте кетсек бул тизме мындан да көп болушу мүмкүн. Бирок бул иш сапарлар эч кимге пайдасы тийген жок дегендер четтен чыгат.

Булак: Туз.кж

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: