УКМКнын Тогузунчу кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев КСДП саясий уюмунун мүчөсү Алга Кылычев менен беттештирүүдөн баш тартты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Бакытбек Автандил уулу билдирген.

Анын айтымында, Канат Сагымбаев тергөөнүн суроолоруна жооп берүүгө даяр, бирок анын катышуусунда иш-чара өткөрүлө элек.

«Тергөөчү Канат Сагымбаевге экспертиза дайындалганы тууралуу токтомду берди. Бирок, коргоо өкүлдөрүнө кандай экспертиза жүргүзүлгөнүн айтышкан жок. Буга чейин Канат Сагымбаев күбө катары өткөн. Жаза процессуалдык кодекстин нормасына ылайык, ага шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү бергенде эле экспертиза жүргүзүү керектиги тууралуу кабар берилиши керек болчу. Бирок, андай болгон эмес», -деди жактоочу.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев 8-августта бийликке багынып бергенден кийин, ошол эле кечте ИИМдин сурагына Канат Сагымбаев дагы алынып келинген. Ага Кой-Таштагы башаламандык фактысы боюнча кылмыш ишине катыштыгы бар делип айып коюлган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: