Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысмын берүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 18-октябрда Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоору боюнча иштер менен таанышууда билдирди.

Президент Кыргызстандын энергетика тармагы өзүнүн 85 жылдык юбилейин белгилей тургандыгын эске салып,  өлкөнүн бардык энергетиктерин бул майрам менен куттуктады.

Биздин өлкөнүн бардык ГЭСтерин курууга катышкан Кыргыз Республикасынын Баатырлары Акбаралы Кабаевге, Курманбек Арыковго өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет. Энергетиканын юбилейин белгилөө учурунда дагы бир ардактуу ардагерибиз — Турдакун Усубалиевичти эскерип кетүү абзел.  Анын Күрп-Сай ГЭСинин курулушуна кошкон салымы баа жеткис. Ошол үчүн аталган станцияга Турдакун Усубалиевдин ысмын берүү жөнүндө чечим кабыл алынды“,-деди Жээнбеков.

 

 

 

 

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: