Алла Пугачева өлүмгө даярданууда – өлгөндөн кийин өзүнүн сөөгү коюла турчу жайды сатып алды. Бул тууралуу орус маалымат булактары жазып жатышат. Анда айтылгандай, Пугачеванын сатып алган участогу Кузьминск мүрзөсүндөгү агасынын күмбөзүнө жакын.

“Жылдыздар чогулушту” (Звезды сошлись) аттуу көрсөтүүдө белгилүү болгондой, учурда скульпторлор Пугачевдордун үй-бүлөлүк мүрзөсүнүн эскиздерин жасап жатышат.

Эске сала кетсек, ушул жылдын апрель айларында Пугачева 70 жаш юбилейин белгилеп, Кремль сарайында чоң концерт бергени бар. Анткен менен мынча жашты примадоннага ыйгара албайсың. Ал азыр дагы жакшы формада. Учурда ырчы беш жыл мурда төрөлгөн кызы Лиза менен уулу Гариге көпчүлүк убактысын бөлүп, аларды тарбиялоо менен алек.

Булак: NazarNews.kg

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: