«Токтогул ГЭСин реконструкциялоонун үч фазасы тең аяктаганда, ГЭСтин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат», — деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоору боюнча иштер менен таанышууда.

Энергетика тармагы мамлекеттин Ички дүң продуктусунун 7 пайызын камсыз кылат. Электр энергиясын иштеп чыгуунун көлөмү 20 пайызга  көбөйсө — жалпы экономиканын өсүшү 1,5 пайызга жогорулайт. Ошондуктан энергетика тармагы — өлкөнүн өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ. Учурда республиканын жылдык керектөөсү 12,5 млрд. килоВатт саатты түзөт, бул муктаждык жыл сайын өсүп жатат. Энергиянын 60 пайызы калк тарабынан, калган 40 пайызы бюджеттик мекемелер жана бизнес тарабынан керектелет“,- деди президент.

ГЭСтеги гидроагрегаттарды алмаштыруу 2023-жылга чейин аяктай тургандыгы маалым болду. Жалпы суммасы 320 млн. АКШ долларын түзгөн бул иштерди каржылоо үчүн Азия өнүктүрүү банкынын жана Евразия өнүктүрүү банкынын каражаттары жумшалат. Үч фазаны тең бүткөрүүнүн натыйжасында Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 240 МВатка өсөт. Бул долбоор — Камбарата 2 ГЭСине тете дагы бир жаңы ГЭСти куруу менен барабар деп ишендирди Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле, Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө 100 млн. доллардан ашуун каражаттар үнөмдөлгөнүн белгиледи.

Бул өткөрүлгөн тендерлердин ачык-айкын, адилет болгонуна, дүйнөлүк гигант-компаниялардын атаандаштык менен конкурска катышканына байланыштуу болду.Муну донорлор сатып алуулардын ачык-айкындыгын көрсөткөн жакшы мисал катары баалашты. Үнөмдөлгөн каражаттарды сметалык баасы 160 млн. доллады түзгөн Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоого жумшоо чечими кабыл алынды. Ошентип, Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү үчүн каралган суммага эки ГЭС — Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтери толук жаңыртылат. Натыйжада, республика боюнча жалпы кубаттуулуктун 40 пайызга  жакыны жаңыланган ушул эки ГЭСтен чыгат. Бул энергетика тутумунун туруктуу иштөөсүн камсыз кылат”,-деп белгиледи Жээнбеков.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: