Франциядан Кыргызстанга келген турист Кариер Флорентина жоголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы кабарлады.

17-октябрь күнү “102” кызматына Франциянын жараны Пьер аттуу адам кайрылып, Флорентина аттуу таанышы 9-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген. Акыркы жолу болжол менен саат 20:00-22:00дөр чамасында байланышка чыккан.

Ошондой эле 17-октябрь күнү Франциянын К.П., аттуу жараны арыз менен кайрылып, анын жубайы 1994-жылы туулган Кариер Флорентинаны издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранган. Жубайы 9-октябрь күнү болжол менен саат 20:00дөр чамасында Ош шаарынан Бишкекке келгендиги тууралуу билдирип, ошондон бери дайынсыз.

Ошол замат райондордун милиция башкармалыктарынын жана шаардык милициянын бардык кызматтарына маалыматтар берилип, тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары активдүү башталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, акыркы жолу Кариер Флорентинаны Ысык-Көл облусунун аймагында Бишкек-Балыкчы трассасынан жол тосуп турганда көрүшкөн. Бул маалыматтар текшерүүнү талап кылат. Ошого байланыштуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгына да маалыматтар берилген. Учурда издөө иштери уланууда.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: