Бишкектеги автобустун айдоочуларынын жарымынан көбү жол эрежеси боюнча сынакты тапшыра алган жок. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдирди.

Автобустардын 343 айдоочусунун 188и жол эрежеси боюнча тапшырган биринчи экзаменде керектүү упай топтой алган эмес. Ал эми 24 айдоочу белгилүү себептерден келе алган эмес.

9-11-октябрь күндөрү Бишкектин жүргүнчү автотранспорту мекемеси айдоочуларга атайын инструктаж өткөн. Аны окуган айдоочулар жол кыймылы эрежелерин билүү жана транспортту эксплуатациялоо боюнча тест тапшырып, андан өтпөй калгандар ишке алынбай турганы кабарланган.

“Эки” деген баа алган айдоочуларга кайра дагы экзамен тапшыруу мүмкүнчүлүгү берилди. Жыйынтыгында бардык айдоочулар жол эрежелерин билүү боюнча экзаменди ийгиликтүү тапшырган.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 0