АКШда машыктыруучу куралчан келген өспүрүмдү кучактап, колундагы куралды таштоого жол берди. Окуя 17-майда Портленд шаарында болгон, бирок видеобайкоого түшүп калган учурду прокуратура өткөн жумада чыгарды.

19 жаштагы Энжел Гранадос-Диас мектепке октолгон мылтык көтөрүп келген. Аудиторияга куралчан кирип бара жатканда машыктыруучу дүрбөлөңгө түшпөй, тынч эле сүйлөп кучактаган. Окуучу да жооп кылып, бекем кучактаган. Ошол учурда ары жактан башка мугалим келип куралды акырын көтөрүп кеткен.

Ошол учурда ага боорум ооруду. Жаш кезиңде көп учурда эмне кылып жатканыңды билбей каласың“, -дейт машыктыруучу Кинен Лоу.

Кийин машыктыруучунунун аракетин баатырлык катары баалашты. Ал эми өспүрүм психикалык жактан жабыркап турганын айтып күнөөсүн мойнуна алган. Ал 3 жылга камакка алынды.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 0