Бүгүн эртең менен Бишкекте чоң өрт кырсыгы болду. ӨКМден билдиргендей таңкы саат 05:00дөр чамасында Суворов көчөсүндө жайгашкан үйдү өрт чалган. Кырсык болгон жерге эки өрт өчүрүүчү унаа, тез жардам кызматы барган.

Дарыгердин айтымында, үйдүн кожоюну жабыркаган. Ал өрттөнүп жаткан үйдөн аялын жана 7 баласын алып чыгып куткарганча өзүнүн денесинен күйүк алган. Бактыга жараша, атасы алып чыккан үй-бүлө эч жаракат алган жок. Бирок алардын баш калкалоого жайы жок болгондуктан, “Сезим” кризистик борборуна убактылуу жайгаштырылды. Балдардын эң жашы бир айлык болсо, улуусу 12 жашта.

Балдардын атасы Бишкек травматология жана ортопедия борборунда дарыланууда. Денеси 2-даражадагы күйүк алып, учурда абалы туруктуу.

Булак: tuz.kg

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 0