Ошто ЖКККББ инспекторлору терезелери караңгылатылган унааны токтотуп, административдик протокол түзбөстөн дароо кое берип жиберишкен.

Жүргүнчүлөрдүн бири бийлик өкүлдөрү менен болгон «сүйлөшүүнү» видеого тартып алган. Жол сакчылары менен сүйлөшүүгө айдоочу эмес, жүргүнчү чыккан. Видеодон милиция кызматкерлери мыйзамсыз караңгылатылган терезелерди көз жаздымда калтырып койбостон, жүргүнчү менен жылуу-жумшак учурашкандарын да көрүүгө болот. Жазадан кутулганын сезген салондогу жаштар күүлдөп кыйкыра кубанышат.

Окуя 19-октябрда болгон. Белгилүү болгондой, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каршы кызматтык териштирүү башталды. Мындан сырткары, автоунаанын ээсине карата 4 протокол түзүлгөн. Протокол айдоочулук күбөлүксүз транспорт каражатын башкаруу, жасалма мамлекеттик номур менен унааны башкаруу, кызматкерлердин транспорт каражатын токтотуу талабын аткарбоо жана тересези караңгылатылган унааны башкаруу беренелерин бузуу боюнча түзүлгөн.

Автоунаа айып токтотуучу жайга киргизилди.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 0