4-октябрда BMW X5 унаасы менен “Мадина” базарынан чыгып кеткен Хуфур Абдурахемандын сөөгү, Кочкордо табылган.

Аны өлтүрүүгө шек саналган төрт киши 19-октябрда кармалган. Алар Абдурахемандын ак түстөгү «BMW Х5» автоунаасын кара түскө боёп салганы аныкталган. Шектүүлөрдүн көрсөтмөсүнүн негизинде ишкердин сөөгү Нарындын Кочкор районундагы автожолдон 150 метр ары жактан табылган. Хуфур Абдурахемандын сөөгү жерге 70-80 сантиметр тереңдикте көмүлгөн. Милиция кызматкерлери жансыз денени казып чыгып, ишкердин сөөгүн Бишкекке алып келишкен.

 

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 1