Ошто туристтик милициянын кызматкери кызды зордуктоого аракет кылган деп шектелүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жеке булактарына таянып билдирди.

Маалыматка караганда, укук коргоо органдарына арыз 16-октябрда келип түшкөн.

«Шектелип жаткан тартип сакчысы кызматында 11 айдан бери иштеп келген. Ал түшүндүрмөсүндө арыз менен мурунку сүйлөшкөн кызы кайрылганын айтты. Кыз кызганычтан улам ушундай кадамга барган», -деп билдирген редакцияга.

Ош ШИИББ учурда факт боюнча иликтөө жүрүп жатканын айтты. Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

«Учурда экспертиза дайындалды. Эгер факт аныкталса, анда милицияга тиешелүү юридикалык баа берилет», -деп айтылат маалыматта.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 1