Акыркы убактарда киши колдуу болуп каза тапкандар катталууда. Атап айтканда 4- октябрда кытайлык ишкер “Мадина“ кафесинин ээси дайынсыз жоголуп, анын сөөгү бир канча күндөн кийин Кочкор районунда табылган. Ал эми 22-октябрда үйүнөн чыгып кеткен 39 жаштагы кишинин жансыз денеси 23-октябрь күнү “Манас” эл аралык аэропортунан табылды.

Инвесторду Кочкор районундагы жолдун боюна көмүп салган болсо, аэропорттон жоголгон кишини унаанын багажына бекитип коюшкан.

Коомчулуктун үрөйүн учурган бул окуялар боюнча кыргыз бийлигине анын ичинен ИИМге сын пикирлер көп айтылууда. Айрымдары бул көрүнүштү каралар дүйнөсү баш көтөрдү деп сыпаттайт.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев болуп жаткан башаламандык боюнча өкмөттү айыптап өлкөдө башаламандык күч алганын белгиледи. Анын айтымында өкмөт башчы менен ИИМ криминал менен күрөшпөй каралар боюнча айткандарга жооп жазып отурат.

Ишкерлердин коопсуздугу, криминалдардын күчөшү, кыргызстандан чыгарылып кетип жаткан акчалар тууралуу парламентте сүйлөп жатсак, өкмөт башчы муну саясатташтырбагыла деп жооп берди. Бул маселелерди мага жооп бериштин кереги жок элге жооп берсин. Биз бул маселени айтып оозду жыйганча акча ташып иштеген адамдын сөөгү аэропорттон, өзүнүн унаасынын багажынан табылып отурат. Бул каралар дүйнөсү баш көтөргөндүгү, ИИМде реформа болбой жаткандыгы жана соттор камалган УКТ мүчөлөрүн мөөнөтүнөн мурда коё берип жаткандыгы“, – деди Жанар Акаев.

Ал эми ИИМдин мурдагы кызматкери Кайрат Осмоналиев УКТ мүчөлөрү 2008-жылдан бери эле баш көтөрүп бийлик менен бирге иштешип келе жаткандагын баса белгиледи. Анын баамында Ө.Субаналиев, М.Турганбаевдер ички иштер органынын башында турганда “каралар” менен күрөшүү болгон. Атамбаев президент болгондон кийин криминал ачыктан ачык бийлик менен соодалашууга өткөн. Ал гана эмес айрым бийлик бутактарына чейин кирип келишкен.

Мелис Турганбаев ИИМден кеткенден кийин криминал күчөдү. Ал эми Атамбаев президент болгондо бул ачыктан ачыкка чыгып, милициянын полковниги Алиевди өлтүргөн УКТ мүчөсү соттордун жардамы менен эркиндикке чыкты. 2007-2008- жылдан азыркы учурга чейин УКТ мүчөлөрү баш көтөрмөк түгүл көбөйүп жатат. Расмий бийлик булар менен күрөшө алган жок. Тескерисинче 2019-жылдан баштап аларга шарт түзүп отурат. Жаңы жазылган жазык процесстик кодексиндеги эң чоң кемчилик бул криминалдын кызыкчылыгына иштегендегиси

Ошондой эле УКТ мүчөлөрү бийлик бутактарына барганын, айрымдары Жогорку Кеңештен мандат алып депутат болгонун кошумчалады.

Эгер ушул жол менен кете бере туран болсок Кыргызстанды жок кылып алуу коркунучу турат. Криминалдар азыр Жогорку Кеңешке чейин келди. Мисалы буга чейин Тазабек Икрамов ИИМдин каттоосунда болчу. Ал фамилиясын өзгөртүп депутат болгон

Ал эми “каралар” боюнча макала даярдап жазып жүргөн журналист Семетей Талас уулу УКТ мүчөлөрү менен күрөш ийгиликтүү болбой жатканынын негизги себебин укук коргоо жана сот органдарындагы кызматтын алсыздыгы менен байланыштырды.

Чиновниктер криминалдын жардамына шайлоо учурунда муктаж болгондуктан аларга карата мыйзам үстөмдүгүн көрсөтө албай келет. Бул көрүнүш азыр эле чыга калган жок. Акаев, Бакиевден башталган көрүнүш азыркыга дейре уланууда. Тилекке каршы УКТ мүчөлөрү айрым бийлик башындагылар жана депутаттар менен бирге көмүскө акча жүгүртүүдө. Болбосо спецназдар менен барып, басып алууга камап салууга кудурети жетет. Бирок камалгандар 2 – 3 жылдын ичинде эркиндикке чыгып кетип жатышы бул ЖАМКтын комиссиясы менен кылмышкерлерди актаган соттордун, айрым учурда кылмышкерлерге “жакында өлөт” деген справка жазып берген дарыгерлердин коррупцияга аралашкандагысы” ,- деди Талас уулу.

Эскерте кетсек кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши боюнча мурдагы бийлик анын башында турган президент азыркы учурда сурак берүүдө. Ал эми Ошто “Женго” каймана аты менен белгилүү УКТ мүчөсүнө шаар бийлиги барып жаткан видео коомчулукта талкууга жем таштаган. Мындан сырткары Камчы Көлбаев “Дөө Чыңгыз” деген кримтөбөлдөр ММКларда көп жазылат.

Бирок Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып Уюшкан кылмыштуу топтор ар дайым болуп келген жана боло берет деген.

Сыргак Бактыяров

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 3