Россиянын Забайкалье аймагында 25-октябрда Рамиль Шамсутдинов аттуу жоокер 8 аскерди атып өлтүргөн. РФ Коргоо министрлиги анын мындай кадамга барышын «жеке көйгөйлөрүнөн улам өзүн кармай албай калуу» катары баалаган.

Бирок Шамсутдиновдун туугандары, тааныштары жана анын мурунку кызматташтары буга ишенбей тургандыктарын бир ооздон билдиришкен. Алардын божомолдорунда бул окуя ошол аскер бөлүгүндөгү «дедовщинадан» улам болуп өткөн. 31-октябрда соцтармактарда жана YouTube-каналында туугандарынын божомолун тастыктаган тасма тарады. Анда Шамсутдиновду офицерлер чектен ашып кордоп жатканын көрүүгө болот.

Анда аны жыпжылаңач чечиндирип алышып, даараткананын унитазына башын салдырып, уруп-тээп, андан соң эки колун байлашып, көмкөрөсүнөн жаткан абалда үстүнө заара кылышып жатышканын көрүүгө болот. Жондору алган жаракаттарынан улам бүт кан.

Учурда жоокер — камакта. Ал кылган ишине өкүнбөй турганын билдирди. Анын достору атасына жардам катары 220 миң рубль чогултуп беришти. Интернетте Шамсутдиновду бошотуу петициясына 12 миңден ашык адам кол койду.

Россиянын Коргоо министри Сергей Шайгу кырсык боюнча жабык жыйын өткөрүп, тергөөнүн жыйынтыгы менен кайдыгерлик кылган кызматкерлер иштен алынганга чейин барарын эскертти.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 0