Орусиянын Забайкалья аймагындагы бажы өткөрмө пунктунун кызматкерлери Кытайга учуп кетүүгө камынып жаткан турист аялдын жанынан эки килограммга жакын алтын табышкан. Бул тууралуу «Интерфакс» маалымат берди.

Бажы кызматкерлеринин көңүлүн аялдын бутун сүйрөп олдоксон басышы өзүнө бурган. Ал бир нерсеге кыжаалат болгондой тайсалдап өзүн шектүү алып жүрүүсү себеп болгон. Бажычылар атайын стационардык темир издөөчү каражаттын жардамы менен аялдын бут кийиминин таманына скотч менен жабыштырылган алтындын куймасын табышкан.

Кылмышка шектүү өз каалоосу менен сегиз даана 1,8 килограмм салмактагы алтын куйманы атайын кызматка тапшырып берген. Алтындын баасы беш миллион рубль турат. Турист аялдын айтымына караганда, ал чек-арадан баалуу металлды Кытайдын жаранынын суранычы боюнча акчага жалданып алып чыгууга макул болгон. Кылмышка шектүү деп табылган аялга Россия Федерациясынын кылмыш кодексинин “Маанилүү делген стратегиялык баалуу товар, ресурстарды мыйзамсыз ташуу” 226.1 беренесине ылайык кылмыш иши козголду.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: