Эмне куран билбейсиң деп өз уулун айнек идиш менен башка чапкан. Ата бала жарашкан соң соттук иш кыскарды. Ата баланын чыры 2019-жылдын 10 августунда болгон.

Ж.Д аттуу Балыкчы шаарынын тургуну өз үйүндө 2009—жылы туулган өспүрүм уулун куран окуусун суранат. Буга уулу куран билбейм деп жооп берет. Мына ушул маалда Ж.Д аттуу жаран жини келип, “Мен сени медресеге акча төлөтүп окуткамын, эмнеге билбейсиң”-деп тилдейт.

Көп өтпөй атасы жинденгенин кармай албай дасторкондо турган варенье салынган айнек идиш менен башка жаап жиберет. Айнек идиш өспүрүмдүн башына тийип сынып, айнектин сыныгы баланын колун тилип кеткен. Бул иш сотко чейин жетип, бирок баланын атасы күнөөнү мойнуна алуу менен бирге үйдөгү ынтымак үчүн кечиришип, ата бала жарашканын айткан. Мындан улам Балыкчы шаардык соту аталган ишти кыскарткан.

ТОКТОМ БУЛ ШИЛТЕМЕДЕ

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 0