Усть-Илимск шаардык соту кыргызстандык 28 жаштагы жаранды өзүнүн жетекчисин өлтүргөндүгү үчүн камакка алды. Бул тууралуу Иркутс облусунун иликтөө комитети өздүк сайтында маалымдады.

Кылмышка шектүү «киши өлтүрүү» беренеси менен кармалган. Кыргызстандык 27 синен 28-октябрга караган түнү Усть-Илимск өнөр-жай аймагында жайгашкан ООО «Трейд Экспорт» ишканасына кирип келип, өзүнүн мурдагы жетекчисин темир түтүк менен башка чаап өлтүргөн. Ишкананын башчысын өлтүргөн адам бир канча күн жашынып журүп кийинчерээк Орусиянын аймагынан чыгып кеткен.

Тергөөчүлөрдүн кылмыштын бетин ачуу иш- чарасынын негизинде ишкананын аймагынан темир түтүк жана канга боёлгон бет кап табылган. Ишканага коңшу жайгашкан дүкөндөгү видеобайкоону карап чыгышып, анда кылмышка шектүү дүкөндөн кол кап жана бет кап сатып алгандыгы даана көрүнүп калган.

Ошол эле убакытта жогоруда айтылган ишкананын аймагына азиат улутундагы дүкөндөн соода кылган адам кирип кетип бир канча убакыт өткөн соң кайра чыкканын видеодон көрүшкөн. Кылмышкерди Новосибирск шаарынан өз өлкөсүнө учуп кетүүгө камынып жаткан жеринен колго түшүрүштү. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда сурак берип жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 47