Борбор калаанын Учкун кичи районунун жашоочулары редакциябызга кайрылып шаардык бийликке өтүнүчүн жеткирип берүүбүздү өтүндү. Анда таң эртеден баштап конушта свет жок юолгонуна байланыштуу жаш балдары төшөккө оронуп жатышканын айтышты.

Жылдызбек Огонбаев көчөсүндөгү № 127 көп кабатуу үйдүн жашоочулары 28-30- жылдан бери, өз көйгөйлөрүн өзүлөрү чечишип, жылуулугу жок, же газы жок жашап жашашат. Жайкысын светтери өчүп калса эшикке очок жасай коюшуп чай кайнатып ичишсе ушундай суукта кыйынчылык жаратууда . Урматуу депутаттар шайлоочуларыңыздар менен бир баарлашып, мүмкүн болгон маселелерин чечүүгө жардам берип, жашоого үмүт отун тутандырып кетсеңиздер жакшы болоор эле”…

Ошондой эле буга чейин арызданбаган жери, какпаган эшиги калбаганы менен маселелери чечилбей келет. Шайлоо учурунда ар кандай убадалар берилип бирок ушуга чейин аткарылган эмес

Айтайын деген арыз – армандары толтура, бирок ким угат да, ким тыңдайт – деп, “жогоркулардан” үмүттөрүн үзүп коюшкан. Мына бүгүн да таң аткандан бери светтери жок, жууркандын ичинде калтырап жатышат шайлоочуларыңыздар.
Шаар ичине жылуулук берилип, газдары бар, светтери күйүп шайыр – шаңдуу жашоо жүрүп жатса, Учкундун эли, эли тургай, кошуна – колоңдор, ал тургай бир үй бүлө бири – бирин көргүсү келбей, асман түнөргөнү аз келгенсип, үй ичи да түнөрүп отурушат”– деп жазат окурман
Бул боюнча “Түндүк электр” ишканасы азырынча жооп бере элек. Бирок айдын биринчи күнү (1- ноябрь) саат 14:00 – 18:00 чейин ушул конуштун (Чымындык, Үч-Тулга, Кайыңды, Миң-Булак көчөлөрүндө электр энергиясы болбойт деп кабарлаган.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 0