Издөөдө жүргөн эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен маалымдашты. Жалал-Абад облусунун 24 жаштагы тургуну буга чейин “Жалданмачылык” беренеси боюнча издөөдө жүргөн.

Маалыматка ылайык, шектүү 2015-жылы Сирияга кетип ал жактан атайын даярдыктан өтүп, террористтик уюмдарга мүчө болуп, Сирия өкмөтүнө каршы согушка катышкан. Атайын кызмат ал КМШ мамлекеттеринин биринде эмгек мигранты катары жашырынып жүргөн деп маалымдайт.

Учурда кармалган жаран Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 38