Бишкекте эки киши такси айдоочуга кол салышып, анын колу-бутун таңышкан. Кылмыш ка шектүү 20 жаштагы эки бала кармалганын Чүй ОИИББнан билдирди.

Маалыматка ылайык, эки жүргүнчү таксиге отуруп, шаар четине жеткирип коюну суранышкан. “Калыс-Ордо” конушуна жеткенде айдоочуга кол салышып, бычак такап коркуткан.

Таксичинин 7 миң сомун жана  Redmi үлгүсүндөгү телефонун тартып алып, колу-бутун, көзүн, оозун скотч менен таңып камыштардын арасына ыргытып жиберишкен.

Чүй ОИИББнын милиция кызматкерлери ыкчам-тергөө иш-чарасын жүргүзүп, мурда соттолгон эки адамды кармаган. Алар 1997-ж.т. М.Т. аттуу Нарын областынын тургуну жана 1998-ж.т. С.Н. аттуу Жалал-Абад областынын жашоочусу болгон.

Кармалгандар СИЗОго киргизилип, сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Негизи бирөөнүн айыбын ачканды туура көрбөйм. Бирок бир жаман иш кылаардан мурун ойлонолучу. Ууру-кески, коркутуп-үркүтүү менен иш кылганга болбойт тура, баарибир кармалат турбайынбы деп калышабы деген ойдо гана, чыгаргым келди.

Опубликовано Бакытом Бекболсуновым Вторник, 5 ноября 2019 г.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 36