Таласта молдо никесин кыюудан баш тарткан жигит соттолду

149

Кылмышка шектүү 2019-жылдын 6-август күнү 2002-жылы туулган Н.К.Н аттуу кызга үйлөнгөнү белгилүү болгон. Териштирүүнүн натыйжасында кылмышка шектүү делип кармалган жигит күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Анын айтымында кыз менен 2017-жылдан бери сүйлөшүп жүрүп, 2019-жылы интимдик катнашка барышкан.

Көп өтпөй сүйлөшкөн кызы боюна бүтүп калганын айтканда, дароо үйлөнүүнү сунуштаган. Жигит өз үй-бүлөсүн кабардар кылбастан эле, кызды үйгө алып келип жергиликтүү мечиттин өкүлдөрүн чакырып нике кыйып берүүсүн суранган. Молдо келин болуп келген кыздын жашы 16да экенин укканда, нике кыюудан баш тартып кетип калган. Никесиз эле баш кошуп жашап баштаган жаш үй-бүлөнүн жакында наристеси жарыкка келет.

Сот К.У.Н аттуу Таластын тургунун кылмышкер деп таап КРдин 178- беренеси менен 3 жылга эркинен ажыратты. Бирок, сот негизги өкүмдөн аны бошотуп, 1 жылдык сынак мөөнөтүн өтөөгө чечим чыгарды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь