50 жумуртканы жеген адам өлүмгө дуушар болду

Индиянын жашоочусу Субхаш Ядав көп өлчөмдө жумуртка жейм деп каза тапты. Ал 42 жумуртканы оозуна салганда көз жумган. Бул тууралуу 4- ноябрь күнү жергиликтүү Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

42 жаштагы Ядав досу менен базарда жүргөн кезде экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралган. Талашты чечүү жолу катары эки дос өз ара мелдеше кетишкен. Ким 50 даана жумуртканы жеп түгөтө турган болсо, эки миң рупий (1800 сомдон жогору) байке утуп алмакчы болот.

Ядав 41 тооктун жумурткасын жеп жаткан кезде эс учунан танып калган. Аны дароо ооруканага жеткиришкен, бирок тилекке каршы бир канча сааттан кийин эсине келбестен жарык дуйнө менен кош айтышты. Дарыгерлер, бейтап ашыкча көп жегендиктен ашказан клиникалык абалга түшүп, иштөө функциясын токтоткондугу менен өлүмдүн себебин түшүндүрүшкөн.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь