20 адамдан турган куралдуу топ бет кап кийип, тажик-өзбек чек арасында жайгашкан чек ара заставасына чабуул койду. Ал аймак Тажикстандын борбор шаары Душанбеден 60 чакырым аралыкта жайгашкан.

6-ноябрга караган түнү саат 3:23 чамасында белгисиз адамдар ок атуучу куралдар менен «Султанабад» чек ара аскер бөлүгүндөгү №4 «Ишкобод» чек ара заставасына кол салганын Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Ал аймак Тажикстандын борбор шаары Душанбеден 60 чакырым алыстыкта.

Кол салуу учурунда алар 5 даана ок атуучу куралды тартып алышкан. Күч түзүмдөрү жүргүзгөн операциянын жыйынтыгында куралдуу топтун 15 мүчөсү жок кылынса, алардын ичинен бешөө кармалды. Атышууда 1 чек арачы жана Тажикстандын Ички иштер министрлигинин 1 кызматкери каза болду.

Учурда окуя болгон жерде ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, изилдөө жүрүп жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 48