Бишкектеги ЖЭБдин насостук станциясынан кыздын жансыз денеси табылды. Бишкек милициясы белгисиз кыздын өздүгүн аныктоого жардам сурайт.
Маалыматка ылайык, 20-25 жаштардагы кыздын жансыз денеси 3-ноябрь күнү саат 07:00 чамасында табылган. Денеге алгачкы кароо жүргүзгөндө ага карата күч колдону белгилери болгон эмес.
Белгилери: болжол менен бою 165 сантиметр, арыкчырай, чачы кара түстө, узун, бет түзүлүшү тоголок. I LOVE MOSCOW жазуусу бар көк түстөгү футболка, кызыл сызыктары бар кара түстөгү чолок шым, ич кийими ак түстө, 36-38 чендеги ак түстөгү спорттук бут кийим.
Өзгөчө белгилери: Жаагынын оң капталында кыйшык өскөн тиши бар. Сол бутунда кызыл жип менен браслет тагылган.

Милиция кызматкерлери маркум тууралуу маалымат билгендер болсо, төмөндөгү номерлерге билдирип коюну өтүнөт: 0553 10 23 87, 0703 22 26 22, 0702 49 88 88, 0772 84 73 36 жана 102.

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: