5-ноябрда, 23 жашка чейинкилер арасында грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмак чен бирдигинде күмүш байгени тагынган Жоламан Шаршенбековду “Манас” аэропортунда тосуп алышты.

Иш-чарага Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Эрлан Бекманбетов, өлкөнүн Күрөш федерациясынын вице-президенти Нурланбек Исмаилов, спортчунун жакын туугандары жана күйөрмандары катышты.

Эрлан Бекманбетов Жоламан Шаршенбековду бул ийгилиги менен куттуктап, калпак кийгизип, чепкен жапты.

Эскерте кетсек, Жоламан Шаршенбеков Венгриянын Будапешт шаарында өткөн 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпионатында жалпысынан беш кармаш өткөргөн. Финалдык беттешке чейин Азербайжан, Кытай, Россия жана Украинанын балбандарын жеңип алган. Бирок алтын үчүн болгон кармашта Армениялык балбанга уттуруп койгон.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 73