Бишкекте жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 11-кабатынан жаш кыз секирип кетти. Бул тууралуу Кактус.Медиага курулушчулар билдирген.

Алардын айтымында жарым саат мурун Тыныстанов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде салынып жаткан бийик кабаттуу үйдүн терезесинен секирген.

Алдын ала маалыматтар боюнча бийиктен кулаган кыз фирманын кызматкери жана кытай тилинен котормочу болуп иштейт.

Бишкек ШИИББ суицидди тастыктап, жеринде милиция кызматкерлери иш алып барып жатканын маалымдады.

Болжолдуу маалыматтарда кыз 11-кабаттан кокустан кулап кеткен. Ал жердеги курулуш таштандылары жана пенопласттардын үстүнө түшкөн. Жабырлануучуну  ооруканага жаткырышты.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 52