Бишкектеги №10 үй-бүлөлүк медициналык борбордун дарыгерлери ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген баланы кароодон баш тартышты. Бул тууралуу 3 жаштагы баланын атасы билдирди.

Майып баласын колуна көтөрүп дарыгерлердин эшигин каккылаган атаны көргөн интернет колдонуучу жүрөгү чыдабаганын айтат. Ал видеого тартып Инстаграм баракчага жүктөгөн.

Дарыгерлер наристени көрбөгөндүгүнүн себебин, үй-бүлө ҮДТга тиешеси жок башка даректе жашагандыгын жүйө келтирген. Бирок баланын атасы дал ушул поликлиникада каттодо турганын айтат. Анын божомолунда, медицина кызматкерлери бала өлүп калса жоопкерчилик алуудан коркуп карабай жатышат.

Ал эми саламаттык сактоо министрлиги, медициналык кызматкерлерге администрвтивдик чара көрүлөрүн билдирди. №10 поликлиниканын жетекчилигине тапшырма берилип, жаш бала кайрадан экспертизадан өткөрүлмөй болду.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: