5-ноябрь күнү Кайтаруу жана күзөт департаментинде кенже сержант каза болду.

Ал кечинде жатууга даярданып жатканда өзүн жаман сезгенин айтып жерге кулап түшкөн. Тез жардам кызматы келгенде анын үзүлүп кеткенин аныктаган.

ЖАМКдан билдиргендей, баланын жүрөк оорусу кармаган. Аскер прокуратурасы аскердин өлүмүн иликтеп баштады. Сержанттын жанында болгондордун бардыгын суракка алышты. 2000-жылы туулган К.К. аттуу бала Кадамжайдын тургуну болгон.

Эске салсак, Кыргызстандын жаза аткаруу системасында эки күндө эки аскер кызматкери каза болду. Бир күн мурда №3 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан жоокер электр тогуна урунуп каза болгон.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: