«Кыргызстан» фракциясынан депутат Азиз Турсунбаев журналист Айзирек Иманалиевадан кечирим суроого даяр. Бул тууралуу өзү 24 кж.ге билдирди. 

Эл өкүлүнүн айтымында, ал журналистти капа кылгысы келген эмес.

“Ал мага карындашымдай эле. Мен аны катуу кагып салышым мүмкүн эмес эле. Иш мындай болгон: ал мен кабылдамада күтүп турган, мен бир жактарга кирип-чыгып, мага кирип жүргөнмүн… Мен чыккан учурда журналист мага келип өзүн тааныштырбастан, учурашпастан келип жер тилке тууралуу сурады, мен ага ” Ой күтүп турчу, анан” деп басып кеттим. Эгер бул орой угулса же мен капа кылган катуу сөз айткан болсом, анда кечирим сураймын. Андан өзүнчө кечирим суроого дагы даярмын”,- дейт Азиз Турсунбаев.

Ал эми журналист сураган Ата-Түрк паркындагы жер тилке боюнча депутат төмөндөгүдөй түшүндүрдү.

“2005-жылдан бери ал жака менин эч нерсем жок. Текшерсеңер деле болот

Эске салсак, Турсунбаевдин журналистти каккан сөзү жеке эле журналистке эмес коомчулукка катуу тийип, эл өкүлүнүн жүзү деп нааразы болгондор “Мандатыңды тапшыр” деген флешмоб баштаган.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 143