Кыргызстанда алгачкы жолу аудиолог кабинети ачылды. «Өнүгүү» коомдук бирикмесинен билдиргендей, адистин иш бөлмөсү Бишкектеги № 6 үй-бүлөлүк медицина борборунда орун алган. Ал кохлеардык импланттары бар кыргызстандык бардык жарандарга жеткиликтүү болот.

Буга чейин сүйлөө процессорлорун жөндөө боюнча кызматтар Кыргызстанда жеткиликтүү болбой, жарандар ар 6 ай сайын чет өлкөгө барууга муктаж болушкан. Кошумчалай кетсек, жайында Кыргызстандын эки адиси Киев шаарындагы «Жакшы угуу чеберканасы» мектебиндеги окуудан өтүп, эми жергиликтүү адистерди окутууга киришти.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: