Белгилүү казак актеру Тауекел Мусилим 24 жаштагы кыз менен никесин кыйдырды. Бул тууралуу nur.kz жазды. Интернет тармагында актердун ак жоолук салынган жаш кыз менен түшкөн сүрөтү чыкты.

Андагы сүрөттө шариятка ылайык, молдого никесин кыйдырганын көрүүгө болот. Бирок Тауекел Мусилим өзү расмий билдирүү тарата элек. Ошондой эле экөөнүн үйлөнгөндөрүн далилдеген тойдогу сүрөттөрдөн өздөрүнүн социалдык баракчасына киргизген жок. Экөө жашыруун, тынч эле нике кыйдырып үйлөнүүнү каалаштыбы азырынча белгисиз.

31 жаштагы актер буга чейин дагы жеке жашоосун табышмактуу сыр сактап келген.

Бойдок актердун жүрөгүн багындырган кыз Карагандыдан Махаббат Туктибаева. Ал медициналык билим алып, учурда өзүн модель катары сынап жүрөт.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 5