Бишкектеги курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 11-кабатынан кулап кеткен кыз ооруканадан каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.

Кечээ 6-ноябрда Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттан кыздын кулап кеткен видеосу чыккан. Ал курулуш таштандылардын үстүнө кулагандыктан аман калып, бирок оор абалда ооруканага жеткирилген. Денесинин бир нече жери сынып кеткен.

Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген соң, ал алган жаратынан улам 3 сааттан кийин каза болуп калган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: