Он жаштагы Галымжан аттуу окуучу Казакстандын президенти Касым Жомарт-Токаевге кат жазып, окуудагы керексиз, ашыкча сабактарды алып салуусун өтүнгөн. Окуучу бала “Жаратылыш таануу” жана “Өлкө таануу” өңдүү сабактарды маанилүү деп эсептебейт. Анын ордуна балдар үчүн мектепте акысыз спорттук секциялар ачылса деген ойдо.

Ошондой эле биринчи чейректен кийинки каникул өтө кыска болгондуктан, аны 10 күнгө чейин узартууну суранган.

Галымжандын каты Казакстандын билим берүү жана илим министрине жетип, анын катына төмөндөгүдөй жооп берди.

Сенин оюңду баалайм, бирок өлкөдөгү бардык окуучулардын жоопкерчилиги мага жүктөлгөн. Министрликтин иши Галымжан сенин жана сенин досторуң билимдүү адам болуп өсүүсүнө багытталган“,-дейт Асхат Аймагамбетов.

Ал эми баланын оор жана керексиз деп арызданган сабактары боюнча министр мындай сабактардын маанилүүлүгүн баса белгилеп,

“Табият таануу” абдан кызыктуу сабак, бул сени курчап турган айлана-чөйрөнү тааныштырат. Ал эми “Өлкө таануу” сен төрөлүп, өскөн жерди айтып берет. Сен дагы чоңойгондо бул сабактардан ийгилик жарата аласың деп ишенем” ,- деп түшүндүрдү министр.

Аймагамбетов окуучу Галымжандын спортко басым жасаганын баалап, келечекте чемпион болушун каалады.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 108