Кыргызстанда 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленүүдө. Тарыхый оор учурларды эске алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 26-октябрындагы жарлыгынын негизинде бул күн өлкөдө майрам катары белгиленет.

Анда 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнө, февраль жана октябрь революциялары, репрессиянын кесепеттерине объективдүү тарыхый баа берүү максаты айтылган. Бул күнү биз өлкө тарыхындагы эң маанилүү жана кайгылуу мезгилдерди эскеребиз.

Репрессияга туш болгондор көргөн азап-тозокту алардын туугандары жана жакындары кошо тартышкан. Нечен күнөөсүз адамдарга “эл душманы” жана “эл душманынын куйруктары” деген жарлык тагылган.

1937-жылы сталиндик репрессиянын курмандыгы болуп атылып кеткен 137 адамдын сөөгү Чоң-Таш деген жерден 1991-жылы 70 жылдан кийин казылып алынып, кайра чоң салтанат менен көмүлгөн. Бул жерде бейкүнөө атылып, кийин кайра акталган кыргыздын залкар мамлекеттик жана маданият ишмерлери Төрөкул Айтматовдун, Жусуп Абдырахмановдун, Касым Тыныстановдун, Баялы Исакеевдин ж.б. сөөктөрү жатат. Репрессия курмандыктары түбөлүк жай алган жер Чыңгыз Айтматовдун сунушу менен “Ата-Бейит” деп аталып калган.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун Би-Би-Сиге берген маегинде, Орусиянын өзүндө Октябрь ыңкылабынын мааниси барган сайын төмөндөп жаткандыгын айткан. Тескерсинче орус тарыхчылары Орусиядагы февраль ыңкылабынын орду тууралуу тереңирээк иликтеп, жазып жатышат. Кыргызстанга коңшу өлкөлөрдө болсо бул дата атайын майрам катары белгиленбейт. Кыргызстанда тарых күнү деп белгиленгендин өзү бул датанын маанисин кайра бекемдөө аракети болууда деген пикириде.

Октябрь революциясы айрым постсоветтик өлкөлөрү үчүн трагедия болуп калса, “Большевиктер төңкөрүшүнүн” кыргыздар үчүн мааниси чоң болгон дейт белгилүү журналист жана коомдук ишмер Эсенбай Нурушев.

Тарыхый чоң бурулуш болгон. Башкасын айтпаганда да, сабаты барлар 0,3 пайызга жеткен экен. Арабча окуган гана молдолор болгон экен. Совет бийлигинин учурунда баары сабаттуу болуп, китеп окуганга жарап калбадыбы“,-дейт Нурушев.

Совет бийлигинин тоо талалаап көчүп-конуп жүргөн кыргыздар сыяктуу көчмөн элдерди отурукташтыруу жана кат сабатын жоюу процесстери, тарыхый ченем менен алаганда өтө тездик менен жүргөн. Аз эле убакыттын ичинде чоң маданий өнүгүүгө сүйрөгөн таланттуу муун өсүп чыккан.

Бул окуянын маани маңызы жаңы мамиле менен илктениши керек дейт тарыхчылар. 1917-жылдагы Октябрь революциясы Кыргызстандын мамлекеттүүлүккө ээ болушуна түздөн-түз таасирин тийгизиген, терең мааниси бар окуя. Учурунда кыргыз акындары бул күндү кыргыздар үчүн “аткан таң” болду деп ырдаганы да бекеринен айтылбаса керек.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 100