Бишкекте кичи автобус токтоп турган жеңил унааны сүзүп, арыкка түшүп кеткен. Жол кырсыгы 6-ноябрда Медеров көчөсүндөгү Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу департаментинин алдында болгон. Сүзүлгөн жеңил унааны М.А. аттуу майор түнкү саат үч чамасында жумушунун алдына токтоткон.

Ал эми кичи автобустун айдоочусу унаасын өчүргөнгө дагы жетишпей, окуя болгон жерден качып кеткендигин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришти.

Кичи автобустун ичинде курулуш материалдары бар экен. Жабыркагандар жок.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 0