Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтына жакын жердеги тамактануучу жайдан чыккан өрт саат 14:08де чектөөгө алынды. Азыркы учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. ӨКМден билдиргендей 8 адам жабыркады.

Ал эми шаардык Тез жардам кызматынын алдын-ала маалыматы боюнча жабыркагандардын саны 15 адамга жетти. Айрымдары күйүк алса, кээ бири коркуп калган. Арасында жаш балдар дагы бар. 10 жаштардагы кыз оң жаагы биринчи даражадагы күйүк алды. Эмчектеги наристе менен энеси жеңил жаракат алышты.

Кырсык болгон жерде тийиштүү кызматтар иш алып барууда.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 0