Ташкентте беш жаштагы кызын сабап, атайылап өлтүрүп, сөөгүн өрттөп салган күйөөсү менен аялы кармалды. Бул тууралуу өзбекстандык маалымат каражаттары жазып чыкты. Маалыматка караганда, 4-ноябрда А. В. аттуу жаран укук коргоо органдарына Бектемир районунда жайгашкан “Compass” соода борборунан  5 жаштагы кызы жоголгондугун айтып полицияга арыз менен кайрылган. Тергөө иштери башталып, кыз издөөгө алынган.

Кыз табылбай, тергөө тобуна арыз жазган жубайлар шектүү көрүнөт. Тергөө ишинин жыйынтыгында, Сергелий районунда жайгашкан ижирага алган батирде 25-октябрда түнкү саат 03:00 чамасында күйөөсү менен аялы мас абалында беш жаштагы кызын атайылап сабап өлтүргөнү аныкталган.

Маалымат боюнча, жубайлар кызын өлтүргөндөн кийин сөөгүн жашыруу үчүн ошол эле күнү Бостанлык районунда жайгашкан үйгө алып барып өрттөп салышкан. Өрттөн калган калдыгын баштыкка салып Чирик дарыясына ыргытып жиберишкен. Андан кийин кылмышкерлер укук коргоо органдарына кызыбыз жоголду деп арыз менен кайрылышкан. Окуя болгон жерде кыздын калдыктары табылып, далил катары алынган. Жубайлар “Атайылап өлтүрүү” беренеси боюнча шектүү катары кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 1