Кытайда баласына математика сабагы боюнча үй тапшырмасын түшүндүрмөкчү болгон эненин жүрөк талмасы кармап, ооруканага түшкөн.

Бул иш Кытайдын Хубей шаарында болгон. 36 жаштагы аялдын айтымында, ал бир нече жолу 3-класста окуган баласына математика сабагын түшүндүрмөкчү болгон. Бирок, канча аракет кылса да баласына жеткире алган эмес. Бир аздан кийин аялдын алы кете баштаган.

“Мен абдан катуу ачуулангандыктан, жарылып кетейин дедим. Анан эле жүрөгүм катуу согуп, дем ала албай калдым”, – дейт эне.

Анын бул абалын байкаган күйөөсү дароо ооруканага жеткирет. Дарегер аялдын жүрөгү кармап калганын аныктап, дароо көмөктөшкөн.

Эне баласына үй тапшырмасын түшүндүргөндө өтө ачууга алдырып жиберет экен. Бирок, ал жүрөгү кармап калат деп ойлогон эмес.

mediaplov.asia

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 0