Бишкектин Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан тез тамактануучу жайда өрт чыкты. Бул тууралуу күбөлөр билдирип, кырсыктын видеосун жиберди. Өрттөнгөнго чейин катуу үн менен жарылуу болгон.

Тилсиз жоонун бүгүн 8-ноябрда келип чыкканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тастыктады. Өрт боюнча билдирүү саат 13:42де түшкөн. Учурда өрт чыккан жерде өрт өчүрүүчүлөрдүн 3 бөлүму бир штаб иштеп жатат. Азырынча өрт чектөөгө алына элек.

Айрым маалымат булактары кафеден чыккан жарылуудан жабыркагандар бар экендигин жазууда.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 0