Бишкек шаарын көрктөндүрүү максатында коюлган жыгачтан жасалган 12 метр узундуктагы отургучтарды талкалап кетишти. Бул тууралуу “Бишкек жашыл чарба” ишканасынан билдирди.

Токой кампасында сакталып турган жыгачтан жасалган парклеттер борбордун бир нече жерине коюлган. Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети тарабында жайгашкан отургучтарды 7-ноябрда белгисиз адамдар сындырып кетишти.

Муниципалдык ишканадан билдиргендей, толкун сымал отургучтар өтө оор жана болттор менен катуу бекитилгендиктен, аны оңой эле талкалап коюу мүмкүн эмес болчу. Бул жерде  атайын бүлдүрүүгө аябай аракет болгон деп айтылат.

Опубликовано Aida Aidaralieva Четверг, 7 ноября 2019 г.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: