Лос-Анжелесте Садык Шер-Нияз негиздеген кинофестиваль башталды

6-ноябрда Лос-Анжелес шаарында бешинчи Эл аралык Азия кинофестивалы (Asian World Film Festival) башталды. Аталган фестиваль Жогорку Кеңештин депутаты, режиссер Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген.

Фестивалга 50 өлкөдөн тартылган тасмалар катышат. Ал эми Кыргызстандын атынан режиссер Бекзат Пирматовдун «Аврора» жана Айбек Дайырбековдун «Дарак ыры» тасмасы көрсөтүлөт. Ошондой эле Садык Шер-Ниязовдун «Курманжан датка» тарыхый тасмасы дагы тартууланмакчы.

Аталган фестивалда «Даңазалуу доор» сериалында Хюрремдин ролун аткарган түркиялык актриса Мерьем Узерли калыс болот. Ошондой эле калыстардын курамына Гука Омарова (Казакстан), Киу Чинь, Сара Финн, Жереми Каган, Тин Тин Сюй, Ирис Ямашита кирген. 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь