Сириядан кайткан казак кыздары ал жактагы оорчулукту, башынан өткөргөн кыйынчылыктарды айтып беришүүдө. Айрымдары мекенине кайткан соң кесилип кетсе, кээ бири кайра калыбына келтирүү борборунда дарыланууда. Алардын бири Аида Амангелды атасы үчүн Сирияда болуп калганын айтат. Учурда ал жазасын өтөп жаткандыгын Nur.kz жазды.

Аида жана анын үй-бүлөсүн “согуш талаасына” атасы алып барган. Анда Аида 20 жашта болчу. Адегенде алар Түркияга барышып, ал жактан Сирияга кетишкен.

Кыздын айтымында, эгер паранджа жамынбай же кийимдин ичинен жылаңач буттары көрүнүп калса аларды жазалаган. Качып кетүүгө аракет кыла турган болсо,  эркиндигинен ажыратуу же өлүм жазасына тартуу коркунучу болгон.

Учурда Аида 24 жашта. Ал Сириядан кайтып келгенде 5 жылга түрмөгө кесилген. Сирияда жүргөндө кайсы учурда өлүп калаарыңды билбейсиң деп эскерет. Адегенде атасынан айрылган. Атасы шаарга жардыруу болгондо мүрт кеткен. Анын денесин үйдүн урандыларынын алдынан табышкан. Ал эми улуу агасы жүрөккө ок жеп каза болон.

Атайын операциянын жүрүшүндө Сириядан 600 казакстандыкты кайтарышкан. Өлкө бийлиги, жүргүзүлгөн иштерге карабастан бардык эле казакстандыктар өздөрүнүн катасын сезе беришпейт дейт. Вице-министр Марат Азилханов Казакстанга кайткандардын кээ бири мурдагыдай эле радикалдык идеяларды кармангандыгы коркунуч жаратаарын билдирди.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 1